"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...
Кийинки анекдот/апендини оку
Рысалиев: Парламент имаратын «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партиялары оңдосунЖогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев парламентте төраганы шайлоо боюнча жарыш сөздө сөз сүйлөп, «Республика - Ата Журт» фракциясынан спикерликке талапкерлиги көрсөтүлгөн Талант Мамытовго кайрылды. «5-октябрда аянтка жөнөкөй эл шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан. Дал ушул азыр спикерликке талапкерлиги коюлуп жаткан, сиз талапкер болгон «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» партияларынын 4-октябрдагы шайлоодо мыйзамсыз жеңип чыкканына каршы болуп, Жогорку Кеңештин... 04.11.2020 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/30929402.html |
Loading...
|
Жарыялар |