Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Түркмөнстанда 2082 адамга ырайым берилдиТүркмөнстанда 2082 адамга ырайым берилди. Алардын арасында төрт чет өлкөнүн жараны бар. Мындай чечим Түркмөнстандагы бейтараптык күнүнүн урматына кабыл алынды. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы жазып чыкты. Түркмөнстанда массалык ырайым мамлекеттик жана диний майрамдардын алдында жылына бир нече жолу берилет. Бирок мындай жазаны жеңилдетүүгө саясий иштердин негизинде соттолгондор туш болбойт. Ырайым берилген адамдардын тизмеси ачык жарыяланбайт. Эл аралык уюмдардын маалыматы... 15.12.2020 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31000506.html |
Loading...
|
Жарыялар |