Кыргызча анекдот / апенди:

"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.7089.50
EUR94.5095.50
RUB0.9500.980
KZT0.12500.2060

обновление 25.04.2024 17:25:11

Ташиев: Талаштуу 13 миң гектар жер Кыргызстанга жазылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн - 30-мартта Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу учурунда талаштуу 13 миң гектар жер Кыргызстандын пайдасына чечилгенин билдирди: “Орто-Токой суу сактагычынын 800 гектар жери Кыргызстандын аймагында турат. Анын 95%ын Өзбекстан колдонот. 5%ын гана Кыргызстан алат. Демек, ошол 800 гектардын ордуна Өзбекстан Кыргызстанга башка жер бериши керек деген талапты койдук. Буга чейин 200 гектар жерди берген...


30.03.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31178141.html

 
Loading...

Жарыялар