Кыргызча анекдот / апенди:

Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD82.0083.00
EUR83.0084.00
RUB1.3201.400
KZT0.10000.2000

обновление 14.07.2022 13:22:26

“Садыр Жапаровдун тууганымын” деп 5 миң доллар акча алган жаран кармалды

Өзүн президент Садыр Жапаровдун жакын тууганы катары тааныштырып, алдамчылык менен ири суммада акча өндүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Мекемеден билдиришкендей, шектүү («Ш.Н.Р.») Каракол шаарындагы мамлекеттик мекемелердин биринин жетекчисинен («К.Т.С.»), аны ошол кызматында калтыруу убадасы менен акча сураган. Кызматкер шылуунга 5 миң АКШ долларын жана 45 миң сом акча берген. Бул факт...


05.06.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31291760.html

 
Loading...

Жарыялар