Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку
Аба ырайы: Тоолуу аймактарда өткүн өтөт21-июнда Кыргызстандагы бардык тоолуу аймактарда өткүн өтөт, өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 5...10, Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24, Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 25...30, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 19...24 градус ысык... 20.06.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31316875.html |
Loading...
|
Жарыялар |