Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Казакстандын ИИМи: 26 “куралдуу адам” өлтүрүлдү, 3 миң адам кармалдыКазакстандын Ички иштер министрлиги атайын операция учурунда 26 “куралдуу адам” өлтүрүлгөнүн, 18 адам жаракат алганын маалымдады. Бул тууралуу 7-январда “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Кабарларга караганда, күч түзүмдөрү жалпы үч миңдей адамды кармады. ИИМ “бузуку топтор менен” кагылыш учурунда Алматы менен Чымкентте 216 аскери жараланганын тактады. 6-январдагы маалыматта күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгон. Бийлик “бузуку топтор”, “кылмыштуу топтор” деген терминди колдонгону... 07.01.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31643673.html |
Loading...
|
Жарыялар |