Кыргызча анекдот / апенди:

Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD89.0089.87
EUR94.6095.60
RUB0.9350.955
KZT0.13800.2050

обновление 20.04.2024 00:10:12

Алматыда байкоочулардын укуктарын чектөөгө каршы пикетке чыккан активист кармалды

24-июлда Алматынын полициясы шайлоодогу байкоочулардын укуктарын чектеген мыйзамдык өзгөртүүлөргө каршы пикетке чыккан активист Данияр Супиевди кармап кетти. Ал Желтоксон жана Сатбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жалгыз пикет өткөрүп жаткан. “Бул өзгөртүүлөр байкоочулардын укуктарын аябай чектейт. Көз карандысыз байкоочуларды жөнөтө турган уюмдар эми атайын аккредитациядан өтүшү керек деген норма жеке мага жакпайт. Менимче, шайлоолорго мындай жол менен байкоо салдыруу туура эмес. Бул өзгөртүүлөр...


24.07.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31957454.html

 
Loading...

Жарыялар