Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.9089.80
EUR94.1095.10
RUB0.9400.980
KZT0.13800.2050

обновление 19.04.2024 23:35:15

Сырттагы мигранттардан келген акча көбөйүүдө

Сентябрь айында Кыргызстанга сыртта жүргөн мигранттардан 174 млн доллар келген. Бул августтагы көрсөткүч -155,9 млн долларга караганда 18,5 млн долларга көп. Ошол эле учурда  былтыр сентябрдагы жеке которулган акчанын суммасы - 291,9 млн долларга караганда 117,5 млн долларга аз. Улуттук банктын маалыматында, эң көп акча - 159 млн доллар Орусиядагы мигранттардан жеке которулган. АКШдан 2,9 млн доллар, калган бардык өлкөлөрдөн чогулуп 8,6 млн доллар жиберилген. Жалпы жыл башынан бери сыртта...


14.11.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32683754.html

 
Loading...

Жарыялар