Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.9089.70
EUR94.1095.10
RUB0.9350.950
KZT0.13800.2050

обновление 25.04.2024 20:40:20

2-сентябрдагы жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
 
 

12.09.2023 ЖК: комитет мамлекеттик мекемелерде Коомдук кеңештерди жоюуну колдоду
Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети 12-сентябрдагы жыйынында мамлекеттик мекемелердин Коомдук кеңештерин жоюу каралган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. ... www.azattyk.kg

25.09.2021 Кытайга кеткен алтын кошулмасы, бажынын берген жообу
Кыргызстандан Кытайга 360 тонна алтын концентратынын чыгарылып кетиши бажы тармагына сын пикирди күчөттү. Депутат бажыны коррупцияга айыптады Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы жыйынында депутат Аккулу Бердиев жыл башында "Эркечтам” чек ара бекетине... www.azattyk.kg

22.09.2021 Kумтөрдүн ишин иликтеген комиссиянын иштөө мөөнөтү узартылды
“Kумтөр Голд” ишканасынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтү дагы үч айга же Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү аяктаганга чейин узартылды. Мындай чечимди парламент депутаттары Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы жыйынында ... www.azattyk.kg

22.09.2020 БШК Аравандагы окуяга милициянын териштирүүсүнөн кийин баа берет
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Аравандагы окуя боюнча маселени күч түзүмдөрүнүн териштирүүсүнөн кийин карайт. Мындай чечим БШКнын 22-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди:  «Ук... www.azattyk.kg