Кыргызча анекдот / апенди:

Карыздан кутулуу
Бир жигит досунан 100 000 сом карызга алат экен, бир жылдан кийин 20 процент кошуп 120 000 сом кылып берем дей экен.
арадан бир жыл өтүптүр, досу жигитке келип сүйүнүп сурат экен,
- Досум арадан бир жыл өттү, эми акчамды проценти менен кошо бер деп
жигит досуна ишинин жакшы болбогондугун айтып 5-6 ай дагы убакыт бер дейт экен
арадан 5-6 ай өтүптүр, досу жигитке келип дагы сурайт экен,
мурунку эле жоопту алыптыр:
- Ишим жүрүшпөй жатат, 5-6 ай дагы убакыт бер, дейт экен
досу:
- Досум процентин албай эле койдум, 100 000 сом алган акчанды эле бер, дептир.
жигит аны да бергенге акчасы болбогондукугун айтып досун 5-6 айдан кийин берейин дейт экен.
арадан дагы 5-6 ай өтүптүр, досу жигитке келип 100 000 сом карызын бер дейт экен, жигит дагы деле ошол эле шылтоону айтып акчам жок иштерим жүрүшпөй жатат дептир, досу карызын толук алалбашын сезип жок дегенде 80 000 сомун алайын деп, досуна:
-мейли, 100 000 сомдун баарын албайын, 80 000 сомун бер анда дептир,
жигит 5-6 айдан кийин келгенде 80 000 сомун берерин айтып жөнөтөт.
5-6 ай өтөт, досу жигитке келип 80 000 сомун бер деп сурайт, мурунку эле шылтоо, акча жок деген, досу жигитке жини келип ар келгенде шылтоо айтып жөнөтө бересинби дептир,
Жигит анда айтыптыр:
- Досум бираз сабыр кылып күтө турчу, акырындык менен карызындан кутулуп жатам го, 120 000 сомдон 80 000 сом калды го - дептир


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.7089.60
EUR94.5095.50
RUB0.9500.963
KZT0.13900.2050

обновление 24.04.2024 15:25:20

Монолог жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
 
 

01.07.2021 Телефондон кеңеш берүүчү дарыгерлер тобу түзүлдү
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги башкы пульмонолог Талантбек Сооронбаев жетекчилик кылган дарыгер, адисттерден турган топ түздү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Атайын даярдалган дарыгерлер тобу күнүгө саат... www.azattyk.kg

06.01.2021 Өлкөнүн башкы пульмонологу Сооронбаев Бишкектеги ыш тууралуу үн катты
Кыш киргенде эле Бишкекте ыш, түтүн маселеси көтөрүлөрү анык. Бул көйгөй учурда абдан курчуп турат. Кыргыз коомчулугу турсун эл аралык ЖМКлар да абанын булганышына тынчсызданып тургун учуру.... sputnik.kg

11.12.2020 Австриядагы пульмонолог Эгемназаров: КРдеги медиктер менен сыймыктануу керек
Бакытбек Эгемназаров Австриянын Людвиг Больцман атындагы илим-изилдөө институтунун улук илимий кызматкери болуп эмгектенет. Медицина тармагына 20 жылдык эмгегин арнаган мекендешибизди Европага илимге болгон кызыгуу алып барган.... sputnik.kg

30.11.2020 Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев коронавирусту дарылоонун 5-протоколунда бейтаптардын 80 пайызын үй шартында дарылоого көңүл бурула турганын айтты.... sputnik.kg

03.11.2020 Вирус жуккан 109 адамдын абалы оор
Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, коронавирус жуккан 109 бейтаптын абалы өтө оор болууда. 937 бейтап оор абалда, 2256 киши орто, 56 кишинин абалы канаттандырарлык, стационарда дарыланып жатышат. Ооруканалар... www.azattyk.kg