Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD89.0089.70
EUR98.0099.00
RUB0.9601.000
KZT0.13500.2000

обновление 03.01.2024 12:31:13

ажырашкандар жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
 
 

12.12.2020 Гүлжамал экинчи аял болуудан баш тартты...
Бүлүнгөн турмуш, ажырашкандардын кайра жарашуусу кыйын. Келме кезек, ошол эки башка өмүр жолундагы адамдар деле бир кездеги жаздым кадамын ойлоп, өткөндүн сабагын өкүт менен эскеришет. Замирбек Үсөновдун “Нөшөрлүү түн” аңгемесинде ажырашып кеткендерд... www.azattyk.kg