Кыргызча анекдот / апенди:

столбанын арманы
столбанын арманы

мен столба болуп жаралганыма нааразымын...шаарда турганыма дагы. эмнеге дебейсинерби? эхх, айта берсе арман коп...
ооба,мен баарынан бийикмин,мен усту жактан кыбыр эткендин баарын коруп турам...эхх, кыймылсыз, анан тилсиз болгонум кандай гана окунучтуу...болбосо силерге коп нерсени айтып бермекмин.
мен негизи сым тартканга жаралганмын...бирок, акыркы жылдары турмушумда эмнелерди гана корбодум. кычыраган аязда да, куйкалаган аптапта да бир жерде какайып турганым турган....
кеч кирди -бутту, мен учун тозок башталат. кунуно жок дегенде эки жолу олорчо ичип бутуна тура албай темтендеген алкаш мени сузуп отот. сузгону аз келгенсип : -эй, сен не мени туртуп атасын, кач жолдон, азыр чон эненди же таятанды таанытып коем деп ашата сокконучу...(как будто мен токойдо жашаган кайрагач, сосна чон аталарымды, же жбидеги бетон тагаларымды такыр билбеген сымал). жанымда эч ким жок калган мезгилде эки жаш тубумо туруп алып кучакташып обушкондо, тим эле киреерге жер таппай калам...
мыногул шайлоо деген кампания башталганы менин турмушум, чынын айтсам абдан эле оорлоду...бетимден тамтык жок -листовкаларын чаптап салышат. бутум менен белиме эле эмес, мойнума чейин чапташчу болду. кунуно эки-уч ирет алмаштырышат, бироосунукун экинчиси жулуп салып. клей менен скотч деген балакеттерден аллергиям кармап, бут денемди жара басты...
адамдар байып, цветная полиграфия дегени онуккондон бери кочонун аркы бетинде турган кошунам экообуздун ортосуна сым байлап, чон суротторду илишчу болду баннерлеп. электр менен телефондун сымдарын керээлден кечке которуп турганыбыз аз келгенсип, эми бакыйган саясатчыларды, жомоктогудай создору менен кошо которчу болдук...
шамалдан белибиз ийилип онтолоп аран чыдайбыз...анысы аз келгенсип тез тез алмашып турганычы баннерлердин, то юс бийликтегилердин...кыргызстандагы шамал столбаларды кулата албаган менен бийликтегилерди тез-тез эле антарып тушчу болду. биз болсо илгери канча калын кар жааса да тура берчубуз, а бийликтегилер сыдырым соккон желге туруштук бере албай калды го. кандай болсо да биздин жашообуз кыйындап калды.. али алдыда дагы эмнелер кутуп турат, билбейм...шайлоо тезиреек бутуп кетсе жакшы болот эле, бирок адамдардан угуп калдым, мунусу бутсо дагы бир чон шайлоо болот имиш -ажолукка ат салышмай...теги аман калсак, столбалар баарыбыз чогулуп тулоо откозсок бейм...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD89.0089.70
EUR98.0099.00
RUB0.9601.000
KZT0.13500.2000

обновление 03.01.2024 12:31:13

бажыы жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар