Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6088.90
EUR94.8095.80
RUB0.9400.985
KZT0.13000.2100

обновление 26.04.2024 01:00:16

дпс жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
 
 

14.01.2021 Кыргызстандын ИДПсы 598 млрд. сомду түзүп, экономика 9%га төмөндөдү
Мында Кумтөр алтын кени эсепке алынган эмес. Оң тенденция бир гана айыл чарбасында байкалган.... sputnik.kg