Кыргызча анекдот / апенди:

"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.7089.60
EUR94.8095.80
RUB0.9520.975
KZT0.14000.2060

обновление 25.04.2024 20:40:21

жамийла жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
 
 

17.04.2024 Сүйүү жана эркиндик: "Жамийланын" мюзиклде жаңырышы
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 12-апрелден бери "Жамийла" улуттук мюзикли коюлуп жатат. Сүйүүнү жана эркиндикти даңазалаган чыгарма жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде даярдалган. Музыкалуу спектакль бүгүн 17-апрелде ко... www.azattyk.kg

15.12.2023 Жамийла Төлөмүш: Кичүү кызымда кыргыздын гени күчтүү
Жетимиш жылдык тарыхы бар “Азаттыктын” башатында тургандардын бири - Төлөмүш Жакып уулу. Анын жеке тагдыры да Экинчи дүйнөлүк согуш маалында туткунга түшүп, андан эптеп качып кутулуп, бирок мекенине кайта албай калган кыргызстандыктарга окшош.... www.azattyk.kg

11.12.2021 "Айтматовдун "Жамийласы" кыргыздын эркиндик гимни"
Сентябрдын башында Испаниядагы Automática басма үйүндө Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестинин испанча котормосу жарык көрдү. Китеп ошол эле айда Мадридде өткөн адабият жармаңкесинде сунуш кылынган. Көптөгөн рецензияларда чыгарма Борбор Азиянын дарк... www.azattyk.kg

08.07.2021 Айтматовдун чыгармалары урду тилинде жарык көрдү
Пакистандын Исламабад шаарында Чыңгыз Айтматовдун урду тилине которулган китеби жарык көрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги кабарлады. Аталган китепке Айтматовдун "Жамийла", "Кош, Гүлсары" жана "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт " пов... www.azattyk.kg

12.12.2020 Жамийла, баёо бала, армандуу абышка... Айтматовдун кинодогу каармандары сүрөттө
Бүгүн, 12-декабрь, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Өзүнүн чыгармалары менен кыргыз элин дүйнөгө тааныткан инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 92 жашка толмок.... sputnik.kg