Кыргызча анекдот / апенди:

Аялын тамашалаганда
Бир киши аялын текшерип көрөйүн деп
"мени сүйөт бекен, же сүйбөйт бекен" деп план кылат.
Анан аялы үйдө жокто кат жазып баштайт:
"мен кеттим, сени менен ажырашам, сени менен жашай албайм" деп,
катты бөлмөсүндөгү тумбочканын үстүнө коюп, өзү дивандын астына жашынат.
Жолдошу бул кичинекейлерди оюну экенин түшүнсө да, жубайын текшергиси келет.
"Жубайым менин кеткениме кайгырабы?! деп.
Аялы үйүнө келип, бөлмөсүнө кирип катты алып окуйт.
Анан калем сапты алып, жанагы катка бираз жазат.
Аял телефонду алып:
-Алло,жаным кандайсың?, элестет жолдошум өзү эле кетип калыптыр,
эмнеге ушуга турмушка чыкканыма өзүм да түшүнбөйм, эми мунун баары артта, эми сен барсын!
Азыр барып калам, жолугабыз, деп сүйлөшөт!
Шкафты ачып сонун кийимдерин кийип, бийлеп үйдөн чыгып кетет!
Аялы кеткенден кийин, жолдошу ыйлап дивандын астынан чыгып, ачуусу келип, шайы кетип, эмне кылаарын билбей,
катты алып окуйт. Катка аялы минтип жазган болот:
- Жаным мен сенден башка эч кимди сүйгөн эмесмин, сүйбөйм дагы, Сени сүйөм ошол үчүн сага турмушка чыккам.
ДИВАНДЫН АСТЫНАН БУТУН КӨРҮНүП ТУРАТ, чык! МЕН ДҮКӨНГӨ НАНГА КЕТТИМ, азыр келем ТАМАКТАНАБЫЗ! деп жазган болот!
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.8089.65
EUR94.3095.30
RUB0.9350.970
KZT0.13000.2050

обновление 25.04.2024 03:00:17

жылкынын жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
 
 

28.10.2023 Айгашканын ичти өрттөгөн күйүтү
Кылычбек Айгашканын күлүк жарышта биринчи болуп келишин эңсечү. Чоң жарышта алдыга озуп, сый-урматка, даңкка бөлөнүш үчүн жылкынын табын билип, мыкты суутуш, тапташ керек экен. Антиш колунан келбегени менен күлүгүн өзгөчө аспиеттеп асырады. Жаны мен... www.azattyk.kg

04.11.2022 Депутаттын төрт түлүк малга салык киргизүү сунушу
Жогорку Кеңеште мал-жандыкка салык киргизүү сунушу көтөрүлдү. Демилгечи муну менен дотацияда отурган 400гө чукул айыл аймактын бюджетиндеги каржылык жетишпестиктер толтурулуп, социалдык муктаждыктарды жоюуга болорун айтууда. Бирок буга айрым фермерле... www.azattyk.kg

07.05.2021 Ашыралиев: дүйнөдөгү күлүктөр үч породадан тараган
Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев дүйнөдө ар кандай породадагы 200дөн ашуун жылкынын түрү бар экенин билдирди.... sputnik.kg

17.12.2020 Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы тынч
Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш жайгашкан аймактарда абал тынч. Бул тууралуу Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Азыркы тапта Ак-Сай-Ворух жолу ачык. Чек аралаш аймактардагы абал күч түзүмдөрү менен жер... www.azattyk.kg