Кыргызча анекдот / апенди:

Карыздан кутулуу
Бир жигит досунан 100 000 сом карызга алат экен, бир жылдан кийин 20 процент кошуп 120 000 сом кылып берем дей экен.
арадан бир жыл өтүптүр, досу жигитке келип сүйүнүп сурат экен,
- Досум арадан бир жыл өттү, эми акчамды проценти менен кошо бер деп
жигит досуна ишинин жакшы болбогондугун айтып 5-6 ай дагы убакыт бер дейт экен
арадан 5-6 ай өтүптүр, досу жигитке келип дагы сурайт экен,
мурунку эле жоопту алыптыр:
- Ишим жүрүшпөй жатат, 5-6 ай дагы убакыт бер, дейт экен
досу:
- Досум процентин албай эле койдум, 100 000 сом алган акчанды эле бер, дептир.
жигит аны да бергенге акчасы болбогондукугун айтып досун 5-6 айдан кийин берейин дейт экен.
арадан дагы 5-6 ай өтүптүр, досу жигитке келип 100 000 сом карызын бер дейт экен, жигит дагы деле ошол эле шылтоону айтып акчам жок иштерим жүрүшпөй жатат дептир, досу карызын толук алалбашын сезип жок дегенде 80 000 сомун алайын деп, досуна:
-мейли, 100 000 сомдун баарын албайын, 80 000 сомун бер анда дептир,
жигит 5-6 айдан кийин келгенде 80 000 сомун берерин айтып жөнөтөт.
5-6 ай өтөт, досу жигитке келип 80 000 сомун бер деп сурайт, мурунку эле шылтоо, акча жок деген, досу жигитке жини келип ар келгенде шылтоо айтып жөнөтө бересинби дептир,
Жигит анда айтыптыр:
- Досум бираз сабыр кылып күтө турчу, акырындык менен карызындан кутулуп жатам го, 120 000 сомдон 80 000 сом калды го - дептир


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.7089.60
EUR94.8095.80
RUB0.9450.970
KZT0.13950.2050

обновление 24.04.2024 10:00:24

миграциянын жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
 
 

14.04.2024 "Визага 22 миң доллар бергем". АКШга барам деп алдангандар
Украинада согуш башталгандан бери Борбор Азиядан Орусияга барган миграциянын чоң агымы башка багыттарга бурулууда. Анын ичинен АКШга барып иштөөгө умтулгандар көбөйдү.... www.azattyk.kg

06.10.2023 Мексика менен чек арага дубал курулат. Байден убадасынан кайттыбы?
АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы Мексикадан мыйзамсыз иммиграциянын агымын токтотуу үчүн Техастын түштүгүндө 30 чакырымдай чек ара дубалын курууга уруксат берди.... www.bbc.com

29.08.2023 Эгемендик жылдарындагы миграция: экономикалык муктаждык негизги фактор
Кыргызстан эгемендик алган 32 жыл ичинде жумушсуздуктун айынан алгач ички миграция пайда болсо, кийинчерээк иш издеген жарандар сыртка агылып кете баштады. Ошондон бери өлкөдө тышкы миграциянын темпи абдан жогору болду.... www.bbc.com

25.05.2023 Сомалиде ички миграция өсүп баратат
Норвегиянын Качкындар кеңешинин (NRC) Сомали директору Мохаммад Абди Сомалидеги ички миграциянын коркунучтуу деңгээлге жеткенине көңүл бурду.... www.trt.net.tr

04.01.2023 Өзбекстан: АКШ элчилиги Мексика аркылуу өлкөгө кирүү кооптуу экенин эскертти
АКШнын Өзбекстандагы элчилиги Мексика аркылуу өлкөгө кирүүгө аракет кылгандар адам сатуу жана каржылык алдамчылык кылмыштарынын курмандыгы катары өз өмүрлөрүн тобокелге салып жатканын эскертти. "АКШга мыйзамсыз каналдар аркылуу баруу эч качан коопсу... www.azattyk.kg

28.11.2022 Канада 1,5 млн иммигрант чакырууда. Эмнеге?
Канаданын калкы улгайып, “беби-бумерлердин” мууну жапырт пенсияга чыга баштагандыктан өлкөнүн экономикасы кыйын кезеңге кептелгендей. Эми Канаданын өкмөтү өлкөнүн экономикасына керек болгон жумушчу күчтүн ордун иммиграциянын болуп көрбөгөндөй толкуну... www.bbc.co.uk

Жарыялар

18.01.2021 “Мекендешиме кат”: айылынан алыс кеткен мигранттар...
Ички-тышкы миграциянын ареалы менен масштабын, себептерин, эмгек мигранттарынын жашоо шартын, алардын иденттүүлүгүн, кайтып келсе не болот, кайтпай калса не болот, бөтөн жерде ким болот деп дурустап акыл калчабаптырбыз.... www.bbc.com