Кыргызча анекдот / апенди:

"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD89.0089.70
EUR98.0099.00
RUB0.9601.000
KZT0.13500.2000

обновление 03.01.2024 12:31:13

тойдо жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
 
 

17.02.2024 Борченов: Эл акысын жегендердин тоюн алып барбайм
“Элдин балдары” подкастынын бул жолку коногу алып баруучу, тамада Урмат Борченов. Анын менен тойдогу ысырапкерчиликтен баштап, коомдогу көйгөйлөр, жарандык активизм жөнүндө сүйлөштүк.... www.azattyk.kg

12.02.2024 Түркмөнстан: Бардык тойдо Аркадагдын ыры жаңырат
Түркмөндөр эми тойлордо милдеттүү түрдө мурунку президентинин ырларына бийлеши керек. Той бергенде экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдун ыры жок эле дегенде эки жолу коюлушу шарт.... www.azattyk.kg

04.05.2023 Матраимовдун тойдогу чуулгандуу видеосун тарткан жаран сабалганы кабарланды
Бишкекте Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу видеону тарткан жаран сабалганын, машинасы талкаланганын, бирок ал арыз жазуудан баш тартканын күч органдарындагы жеке булактарына таянып Kaktus.media 4-майда ... www.azattyk.kg

31.10.2021 Ооганстан: музыка жаңырган тойдогу ок атуудан кеминде эки киши каза тапты
Ооганстандын чыгышында өздөрүн талибдер деп тааныштырган куралчан топ үйлөнүү үлпөтүнүн конокторуна ок чыгарып, кеминде эки кишини өлтүрүп, он адамды жарадар кылды. Окуяга тойдо жаңырган музыка себеп болгону айтылды. Күбөлөрдүн бири "Би-Би-Си" кызма... www.azattyk.kg

25.09.2021 Тойдо ок аткан бала... Өзгөндөгү окуянын видеосу жана чоо-жайы
Кармалган киши куралды Москвадан келе жатып сатып алганын билдирген. Анын айтымында, бул жөн гана үн менен жарык чыгарган курал болуп эсептелет.... sputnik.kg

25.09.2021 Милиция Өзгөндө үлпөт тойдо асманга ок атылган окуяны иликтей баштады
Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Зергер айыл аймагынын Кайрат айылында 25-сентябрь күнү үлпөт тойдо белгисиз куралдан ок атылган. Милиция сотко чейинки өндүрүш ишин баштап, текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ма... www.azattyk.kg

Жарыялар

27.08.2021 Тойдо каза болгон кишини издеп... Тамадалар тойдогу кызыктуу окуяларды айтып беришет
Кыргыз той өткөргөндү, тойго барганды жакшы көрөбүз... www.super.kg

18.07.2021 Айтурган Эрмекова, ырчы: “Жолдошум аянтта ырдап жатканымды көрүп сүйүп калган"
Жаш, энергиялуу, тойдо кары-жаштын баарын бийлеткен ырчы Айтурган Эрмекова учурда Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында солист катары эмгектенет... www.super.kg

25.10.2020 Өмүрбек Текебаев кызын турмушка узатууда. Тойдон видеолор
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев кызы Ай-Данек Текебаеваны турмушка узатууда... www.super.kg