Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD89.0089.65
EUR94.0095.00
RUB0.9400.960
KZT0.13800.2050

обновление 20.04.2024 06:40:11

часов жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
 
 

10.09.2023 Донецкиде чет элдик гуманитардык уюмдун эки кызматкери окко учту
Украинанын Донецк облусунда Road to Relief деген гуманитардык уюмунун машинеси аткыланганда чет элдик эки жаран окко учту. Бул тууралуу уюм жана испаниялык El Mundo гезити жекшембиде билдирди. Road to Relief тараткан маалыматка ылайык, чет өлкөлүк ... www.azattyk.kg

16.07.2023 Украина: Орусиянын соккусунда бир нече жай тургун мерт кетти
Ишемби жана жекшембиге караган түнү Украинада орус армиясынын аткылоосунан төрт карапайым киши мерт кетти, сегизи жараат алды. Донецк облусундагы Часов Яр жана Александро-Шултинодо эки киши каза тапты, бирөө жараат алды. Херсон жана Харьков облустары... www.azattyk.kg

11.07.2022 Украинада ракета тийген турак жайдын алдынан отуздан ашык өлүк чыгарылды
Орусиянын күчтөрү ракеталык сокку урган Украинанын чыгышындагы Часов Яр шаарындагы көп кабаттуу үйдүн урандыларынын алдынан куткаруучулар 31 адамдын сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу шаар баш ийген Донецк облусунун Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызма... www.azattyk.kg

11.07.2022 Часов Ярдагы ракета тийген үйдүн урандысынан 15 адамдын сөөгү табылды
Орусиянын күчтөрү ракетадан аткылашкан Украинанын чыгышындагы Часов Яр шаарындагы көп кабаттуу үйдүн урандыларынын алдынан куткаруучулар 15 адамдын сөөгүн алып чыгышты. Жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү кабарлагандай, дагы 20 адам урандылардын ал... www.azattyk.kg

11.07.2022 Донецк областында көп кабаттуу үйгө тийген ракета он беш адамды өлтүрдү
Ишемде орус аскерлери Донецк областындагы Часов Яр шаарын аткылап, андагы турак үйгө ракета тийип, он беш адам каза тапты. Урандылар алдында дагы 24 адам калган болушу мүмкүн.... www.bbc.co.uk