Кыргызча анекдот / апенди:

Орус кыргыздын үйүндө конокто
Бир заманда орус менен кыргыз корүшүп, Орус кыргызча, кыргыз орусча билбейт экен. Бир күнү кыргыз орусту үйүнө коноко чакырыптыр. Орус кыргыздын үйүнө келип дасторкондон эч нерсе жебей отуруптур. Кыргыз "уялбай жей бер" дегенди кандай айтарын билбей,
оруска "ешь, ешь как тебе не стыдно" дептир.
Орус андан сайын эч нерсе жебей, бир ордунда отура бериптир.
Кыргыз ойлоптур "мүмкүн буга кой союп бериш керек деп". Аны кандай айтарын билбей оруска "я тебя как барана зарежу" дептир. Орус ордунан тура салып качып бара жатса. "Ары-бери өткөндө келип тур" дегенди кандай айтарын билбей ,
качып бара жаткан оруска "туда-сюда пройдешь, все равно поймаю" дептир...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD77.7078.10
EUR91.2092.70
RUB1.0551.070
KZT0.17500.1880

обновление 15.08.2020 05:25:48

Ажырашкандардын жана мигранттардын балдарынын паспорт алуу маселеси айтылды

Ата-энеси ажырашкан же сыртта жүргөн улан-кыздардын паспорт алуу маселесине өкмөт көңүл бурушу керек. Мындай сунушун парламенттин жалпы жыйынында депутат Табылды Тиллаев билдирди. Депутаттын айтымында, ата-энеси жанында жок балдар жашы жеткенде паспорт ала албай жатышат, себеби документ толтурганда атасынын же апасынын колу керек. Парламент мүчөсү билдиргендей, 2018-жылы Кыргызстанда 10 434 үй-бүлө ажырашууга арыз берген, бирок чынында бул сан 50 миңдин тегерегинде болушу...


21.11.2019 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/30283862.html

 
Loading...

Жарыялар