Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD77.1077.50
EUR85.8087.30
RUB1.0751.095
KZT0.17000.1950

обновление 05.07.2020 18:25:46

Ат-Башы: Индиядан дааваттан келген эки адам обсервацияга жаткырылды

Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын эки тургуну обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Бакыт Байказаков билдирди. Анын айтымында, ал тургундар Индиядан дааваттан келген. Бишкекте беш күн карантинде болгон соң айылга келип, Индиядан дааваттан келгенин жашырып коюшкан. «Дарыгерлердин «үй карантинде болгула» деген талабын сактабай койгондуктан, алар кайрадан райондун борборунда күч менен обсервацияга жаткырылды», - деди...


30.03.2020 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/30517825.html

 
Loading...

Жарыялар