Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD77.5077.90
EUR87.2088.70
RUB1.0851.102
KZT0.17500.1950

обновление 14.07.2020 14:21:08

Улуттук оюндар борборунун мурдагы жетекчиси райондук соттон акталды

Улуттук оюндар борборунун мурдагы жетекчиси Алмаз Касенов райондук соттон акталып чыкты. Бул тууралуу ал өзү “Азаттык” радиосуна 13-майда билдирди. Касеновдун айтымында, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бул иш 11-майда каралды: “Мени сот толук актады. Куруучуга бир аз мөөнөт берип койду. Алдыда эми шаардык сот болушу керек. Ошол жерден акыркы чекит коюлат го бул иш боюнча. Мен акталдым, себеби кылмыш болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес”. Касенов 2018-жылдын 21-декабрында...


13.05.2020 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/30609127.html

 
Loading...

Жарыялар