Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD77.5077.90
EUR87.0088.50
RUB1.0871.100
KZT0.18000.2000

обновление 14.07.2020 16:20:56

Мөөнөтү быйыл аяктаган паспорттор жыл аягына чейин жарактуу деп эсептелет

Кыргызстанда мөөнөтү быйыл жыл ичинде аяктай турган паспорттордун баары жыл аягына чейин жарактуу болуп эсептелет. Бул тууралуу 21-майда Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Мекеменин басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев “Азаттык” радиосуна кабарлагандай, мындай чечим коронавирустун алдын алуу максатында кабыл алынды, мөөнөтү быйыл аяктаган бардык паспорттор 31-декабрга чейин жарактуу болот: “Республика аймагында азыр да өзгөчө кырдаал режими жана айрым жерлерде карантиндик режим...


21.05.2020 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/30625252.html

 
Loading...

Жарыялар