Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD77.6078.00
EUR87.5088.50
RUB1.0801.100
KZT0.17000.1950

обновление 09.07.2020 06:45:31

Ливиядагы акыркы абал, БУУнун айыптоо билдирүүсү...

БУУнун Ливияны колдоо миссиясы (UNSMIL), өлкөнүн чыгыш жагындагы расмий эмес күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге караштуу террористтердин түштүктү көздөй чегинип бара жатканда артка калтырган жерлерге мина көмүп кеткендерин айыптады.


26.05.2020 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2020/05/26/liviiadaghy-akyrky-abal-buunun-aiyptoo-bildiruusu-1423699

 
Loading...

Жарыялар