Кыргызча анекдот / апенди:

Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD80.4080.80
EUR94.9096.40
RUB1.0381.052
KZT0.17500.1950

обновление 22.10.2020 07:20:51

Сузак: күйөөсүнөн кордук көргөн аял тосмо арыз жазды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күйөөсүнөн зомбулук көргөн аял аны кечиргенин айтып, тосмо арыз жазып берди. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы  “Азаттыкка” билдирди. Мекеме тосмо арызга карабай тергөө иштери уланып жатканын кабарлады. 12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган....


15.06.2020 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/30671216.html

 
Loading...

Жарыялар