Бир купеде
Бир аскер, командири, кемпир жана кыз поездде бир купеде саякаттап калышат.
Поезд тунелге кирип купенин ичи карангы болуп калат.
бир убакта ММММАХ деп өбүшкөн үн чыгат, андан кийин ШАПАААК деп шапалак менен урулган үн чыгат.
Тунелден чыккандан кийин кемпир:
- Кыз азамат экен, тарс эткирип шапалак менен бир чапты, деп ойлонот.
Кыз болсо:
- Ушул кемпирдин эмнесин өбөт десен, чон эне да жакшы кылды бир чаап, деп ойлойт.
Командир болсо:
- Блин... аскер кызды өптү, шапалак да бизге тийди, деп жини келип ойлойт.
Аскер да:
- Ха ха, мен азаматмын, колумду өбүп, командирди кандай сонун урдум
Кийинки анекдот/апендини оку
«Бүтүн Кыргызстан» боюнча сот 9-сентябрга жылдыБишкектин административдик сотунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы арызы каралды. Аталган партия парламенттик шайлоого каттоодон баш тарткан БШКнын чечимин жокко чыгарууну суранган болчу. Жараяндын жүрүшүндө эки тарап кошумча өтүнүчтөрдү келтирип, натыйжада сот иши 9-сентябрга жылдырылды. Сот арызды карап жаткан учурда имараттын алдына «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын жүздөгөн тарапкери чогулуп, партияны шайлоого катыштырууну талап кылды. 07.09.2020 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/30825624.html |
Loading...
|
Жарыялар |