карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Бишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган киши кармалды. СүрөттөрКриминалдык милициянын ыкчам тобуна болжол менен 20-25 жаштагы эркек кызыл китепке кирген жаныбардын терисин жанында алып жүрүп сатууга аракет кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 07.09.2020 : sputnik.kg источник: https://sputnik.kg/society/20200907/1049548830/bishkekte-ak-ilbirstin-terisin-satuu.html |
Loading...
|
Жарыялар |