Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
«AstraZeneca» компаниясы вакцинаны сыноону уланттыCOVID-19 илдетине каршы үмүт жандырган вакциналардын бирин сыноонун үчүнчү баскычы улантылды. «AstraZeneca» компаниясы жана Оксфорд университети чыгарган бул вакцинаны сыноо ыктыярчылардын бири сыркоолоп калганына байланыштуу 8-сентябрда убактылуу токтотулган эле. Аталган компаниянын вакцинасын сыноого дүйнө жүзү боюнча 30 миңдей адам катышып жаткан. Алардын бири, Британиядагы ыктыярчы аял неврологиялык белгилери бар, омуртканы сезгенткен илдетке чалдыккан. Мындан улам компания сыноо... 13.09.2020 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/30835938.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |