"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...
Кийинки анекдот/апендини оку
Өмүркуловдун мугалимдерге жолукканы талкууга түштүЖогорку Кеңештин депутаты, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Иса Өмүркуловдун Кант шаарындагы мектептердин бириндеги мугалимдер менен жолугушуусунан жазылган делген аудиотасма фотосүрөтү менен кошо тарады. Анда Иса Өмүркуловго үнү окшош адам «Мекеним Кыргызстан» партиясынан шайлоого баратканын жана ага добуш берүүгө үндөгөнүн угууга болот. Өмүркулов өзү мектеп жамааты менен жолукканын ырастап, бирок үгүт иштерин кылбаганын айтууда. Өмүркуловдун «Биримдик» боюнча... 16.09.2020 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/kyrgyzstan-election-omurkulov/30841999.html |
|
Loading...
|
|
|