Кыргызча анекдот / апенди:

Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR90.5091.50
RUB0.9250.940
KZT0.12080.1800

обновление 12.02.2025 13:55:25

Түркияда мекендештерине жасалма виза жасаган кыргызстандык камакка алынды

Бул тууралуу түркиялык "Ихлас" кабар агенттиги маалымдады. Кабарда 19-сентябрда Анталия шаарында "чет өлкөлүктөргө туруктуу жашоого жасалма визасын берген" деген айып менен кыргызстандык Ш.Т. жана түрк жараны А.О. камакка алынганы жазылган. 15-сентябрда Анталия шаарында полициянын рейди маалында кыргызстандык мигранттын визасы жасалма болгону тастыкталган. Мигрант мекендеши Ш.Т.га 3300 лира (440$) бергенин жана ал Түркиянын Миграция департаментинен виза алып бергенин,...


20.09.2020 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/30848231.html

 
Loading...

Жарыялар