Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD84.5084.90
EUR100.00101.50
RUB1.1181.132
KZT0.18000.2050

обновление 25.11.2020 12:30:52

Шайлоо мыйзамын бузуу боюнча БШКга 86 арыз түштү

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобу 2-октябрда жыйынга чогулду. Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү да кирген координациялык топтун жыйынында шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланышкан маселе каралды.  Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, 1-октябрга караганда мыйзам бузууларга байланыштуу 86 кайрылуу реестрге катталды.  Анын кыркы Кылмыш кодексинин 192-беренеси ("Шайлоочулардын добушун сатып алуу"),...


02.10.2020 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/30870089.html

 
Loading...

Жарыялар