карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Кыргызстандагы юристтер президентти кызматтан кетүүгө чакырыштыЮристтердин 8-октябрда элге, саясий партияларга, саясатчыларга, бийликке жана жарандык коомго багытталган кайрылуусунда Кыргызстандагы соңку саясий кризистен чыгыш үчүн сегиз сунуш айтылган. Кризистен чыгыш үчүн биринчи кезекте кыргызстандыктар тынчтыкты сакташы керек экендиги белгиленген. Кайрылууга кол койгондор туруктуулук үчүн президентти Конституциянын 66-беренесине ылайык өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө чакырышкан. Ошондой эле Жогорку Кеңеш премьер-министрлик кызматка... 08.10.2020 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/30882665.html |
|
Loading...
|
|
|