Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.5095.50
RUB0.1400.210
KZT0.93000.9700

обновление 02.05.2024 03:20:11

Пашинян: Кыргыз элине тынчтык каалайм

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Ереван шаарында 9-октябрда өткөн жыйынына Кыргызстандын премьер-министри катышкан жок. Бул тууралуу жыйында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сөз кылып, Кыргызстандагы жагдайдын жөнгө салынышына тилектештигин билдирди. “Кыргызстандын премьер-министри белгилүү себептерден улам Армениядагы жыйынга келе албай калганын өкүнүү менен белгилегим келет. Мен достук мамиледеги Кыргызстандын элине тынчтык жана ынтымак...


10.10.2020 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/30885091.html

 
Loading...

Жарыялар