Бир купеде
Бир аскер, командири, кемпир жана кыз поездде бир купеде саякаттап калышат.
Поезд тунелге кирип купенин ичи карангы болуп калат.
бир убакта ММММАХ деп өбүшкөн үн чыгат, андан кийин ШАПАААК деп шапалак менен урулган үн чыгат.
Тунелден чыккандан кийин кемпир:
- Кыз азамат экен, тарс эткирип шапалак менен бир чапты, деп ойлонот.
Кыз болсо:
- Ушул кемпирдин эмнесин өбөт десен, чон эне да жакшы кылды бир чаап, деп ойлойт.
Командир болсо:
- Блин... аскер кызды өптү, шапалак да бизге тийди, деп жини келип ойлойт.
Аскер да:
- Ха ха, мен азаматмын, колумду өбүп, командирди кандай сонун урдум
Кийинки анекдот/апендини оку
Жапаров УКМКнын Антикоррупциялык кызматын жоюу тууралуу Жээнбековдун жарлыгын жокко чыгардыПрезиденттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Антикоррупциялык кызматын жоюу тууралуу президенттик кызматтан кетер алдындагы жарлыгын жокко чыгарды. Жарлык 16-октябрда чыкканын президенттин сайты 20-октябрда жарыялады. Анда аталган кызматтын иши калыбына келтирилип, Жээнбековдун жарлыгы күчүн жоготкону белгиленген. Мекеменин иши Конституциянын 65-беренесине ылайык коррупцияга каршы күрөшүү... 21.10.2020 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/30904312.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |