Кыргызча анекдот / апенди:

Беш аял менен ким уктайт?
Кичинекей жаш бала апасына келип
- Апа, мен чоңойгондо 5 аял алам. Бирөөсү тамак жасайт, бирөөсү кир жууйт, бирөөсү үйдү жыйнайт.
Анда апасы:
- Бирөө сени менен уктайт, десе
- Жоок, мен СИЗ менен уктайм, дептир.
Анда апасы көзүнө жаш алып,
- Тилегине жет айланайын, бирок тиги бешөө менен ким уктайт? десе
Анда баласы:
- Атам турат го, алар менен атам уктайт, дептир.
Ары жакта турган атасы көзүнө жаш алып,
- Тилегиңе жет балам, деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD84.6084.90
EUR100.20101.70
RUB1.1181.132
KZT0.18200.2020

обновление 25.11.2020 13:01:12

Жарандык активист БШК төрайымынын кызматтан кетишин талап кылды

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекованын кызматтан кетишин талап кылып, «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыкты. Токтонасыров «БШК шайлоочулардын укугун тебеледи», «БШК саясий орган болбосун», «БШК кайра шайлоо өткөрүүгө акысы жок» деген өңдүү жоон топ чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп турду. Анын пикиринде, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоону БШК калыс өткөрө алган жок....


21.10.2020 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/30904599.html

 
Loading...

Жарыялар