карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
ИИМ: Сузакта кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалдыИчки иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынын аймак аралык башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз курал алып жүрүү, колдонуу жана ээнбаштык үчүн шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Алар мындан тышкары бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүүгө да шектелүүдө. 8-октябрда Сузак районунда эки кылмыш топтун мүчөлөрү бири-бири менен ок атышканы маалымдалган. Ага чейин августта да жаатташып ок атышкан учуру маалымат каржаттарына чыккан. Бул төрт факт Кылмыштардын жана... 29.10.2020 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/30919708.html |
Loading...
|
Жарыялар |