Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD69.6569.85
EUR77.5078.30
RUB1.1181.127
KZT0.18000.1850

обновление 16.01.2020 07:53:10

Аба ырайы: 6-ноябрда күн ачык болот

"Кыргызгидромет" агенттиги 6-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт деп маалымдап жатат. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 8...13, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...3, күндүз 8...13, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21, Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 14...19, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз -4...1° болот. 6-ноябрда Бишкек шаарында...


05.11.2020 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/30931659.html

 
Loading...

Жарыялар