Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR101.30102.30
RUB1.2001.240
KZT0.12000.1920

обновление 31.05.2026 21:31:43

Бүркүт дронго чабуул жасаганда... Кыргызстандын тоолорунан тартылган видео

Жапайы жаныбарларды жана жаратылышты кадрга түшүрүү менен алектенген фотограф Иван Турковский Кыргызстандын тоолорунда дронго чабуул жасоого аракет кылган бүркүттүн видеосун жарыялады.


06.11.2020 : sputnik.kg

источник: https://sputnik.kg/video/20201106/1050337004/dron-burkut-kyrgyz-tooloru.html

 
Loading...

Авто-мото