"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...
Кийинки анекдот/апендини оку
Президенттик шайлоо: Талапкерлердин саны 63кө жеттиКыргызстанда президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 14-ноябрь, саат 23:59гө карата жалпы 65 жаран документин тапшырды. Алардын ичинен Бакыт Бакетаев менен Жыпаркул Тургуналиев арыздарын кайра кайтарып алды. Ушуну менен Боршайкомдо 63 адамдын документи калды. Алардын 62си президенттикке талапкерлигин өзүн-өзү көрсөттү, бир адам саясий партиянын атынан сунуш кылынды. Шайлоого талапкер болуп катышуу тууралуу ниетин билдиргендердин сегизи аял, 55и... 15.11.2020 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/30950857.html |
Loading...
|
Жарыялар |