Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Сот Текебаевди мандаттан ажыраттыБишкектин административдик соту 23-ноябрда Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 15-октябрындагы токтомун мыйзамсыз деп тапты. Сот буга «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзам бузулган деген негиз келтирген. Жогорку соттун басма сөз катчысы Изати Шүкүралиева соттун чечими тууралуу мындай маалымат берди: “Шайлоо мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүндө депутат... 24.11.2020 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/30966553.html |
|
Loading...
|
|
|