Кыргызча анекдот / апенди:

"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD84.4085.30
EUR91.7092.70
RUB0.9500.970
KZT0.12400.2000

обновление 20.07.2024 04:10:08

Атамбаевдин соту ачык өтмөй болду, судья анын үч ишин бириктирип кароону чечти

Кой-Таш окуясы боюнча сот ачык өтмөй болду жана судья мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон үч ишти бириктирүү тууралуу чечим чыгарды. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 25-ноябрда өткөн сот отурумунан кийин жактоочулар судья Азирет Медеров Атамбаевге Кой-Таш окуясы менен кошо коюлган “кылмыш жолу менен табылган кирешени мыйзамдаштыруу” жана “Кой-Таштагы жер тилкеси” боюнча айыптарга байланыштуу эки ишти бириктирип, үчөөнү чогуу кароо тууралуу чечим чыгарганын...


25.11.2020 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/30968208.html

 
Loading...

Жарыялар