Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR89.5090.50
RUB0.8400.880
KZT0.11500.1750

обновление 15.01.2025 21:00:20

Кыргызстан | Жаңылыктар (4.12.2020) “Azattyk news”

- Factcheck.kg порталы Садыр Жапаров премьер болуп турганда бир күндө эки кудасын чоң кызматка дайындаганын аныктады. - Президенттике ат салышууга аракеттенген 65 жарандын 20сы калды. - Кыргызстанда "Манас" эпосунун күнү белгиленүүдө.


04.12.2020 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/30984223.html

 
Loading...

Жарыялар