"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку
«Кумтөрдө дагы 300-500 тоннадай алтын калды»Дүйнөдө алтын арзандагандыктан Кумтөрдөн кен казган «Центерра Голд Инк.» («Centerra Gold Inc») компаниясынын, анын ичинде Кыргызстандын да акциялары кайра түштү. Ушул жайда алтын да, акция да кымбаттаган болчу. Ал ортодо өлкөдө кендин өзүнө байланыштуу талкуу уланууда. Жаңы бийлик мурдараак Кумтөрдө алтын түгөнүп баратканын билдирген, компания болсо чалгындоону улантарын кабарлаган. Адистердин эсебинде, Кумтөрдө 400 тоннадай алтын казылды, дагы 300-500 тоннадай алтын бар. Кайра... 16.12.2020 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31002443.html |
|
Loading...
|
|
|