Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Ооган-тажик чек арасында жоочулар топтолуп жатканы кабарландыОоганстандын Тажикстан менен чектеш райондоруна жүздөгөн чет элдик жоочулар топтолгонун Бадахшан провинциясынын жетекчилиги билдирди. Губернатордун орун басары Ахтармухаммад Хайрзода «Азаттык» радиосунун тажик кызматы менен болгон маегинде аймактагы туруксуз абалдан пайдаланып, жоочулар Моймай жана Нусай райондоруна кирип кетишкенин айтты. Хайрзода ошондой эле жоочулар «Жамаат Ансоруллох», «Түркстан Ислам кыймылы», «Өзбекстан Ислам кыймылы» жана «Кавказ имараты» сыяктуу экстремисттик... 18.12.2020 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31007872.html |
Loading...
|
Жарыялар |