Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Пенсия маселеси байма-бай көтөрүлө баштадыСоциалдык фонд 18-декабрда «январь айында пенсия убагында жана толук берилет» деген билдирүү таратты. Ал эми бир күн мурда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун жетекчилиги кийинки айда пенсиялык төлөмдөрдү убагында бере албай калса, Финансы министрлигинен колдоо сурай турганын билдирген. 19.12.2020 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/kyrgyzstan-pensia-shayloo/31007650.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |