Алтын цепочка
Аялы күйөөсүнө түш көргөнүн айтып берип жатат.
-Сүйгөнүм! Сонун түш көрдүм!
-Кандай түш?
-Сен иштен келе жатып кичинекей бир пакет менен келдиң.
Мен толкунданып пакетти ала коюп, дароо ачтым.
Ичинен алтын цепочка чыкты. Муну кадай жорусак болот?
Күйөөсү жылмайып:
-Бираз сабыр кылып тур, эртең кечинде билесиң дейт.
Эртеси кечинде күйөөсү кичинекей бир пакет менен үйүнө келет.
Аялы аябай кубанып, толкунданып пакетти ала коюп ачат.
Пакеттин ичинде бир китеп болот, үстүндө "ТҮШ ЖОРУУ" деген жазуусу бар.
Кийинки анекдот/апендини оку
Коронавирус: Кытай ДССУнун эксперттер тобуна виза берген жокДүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эл аралык эксперттер тобу Кытайга кире алган жок. Алар Ухан шаарына барып, Covid-19 пандемиясына себеп болгон вирус кайдан, кантип кишиге жукканын иликтемек. 06.01.2021 : www.bbc.com источник: http://www.bbc.com/kyrgyz/world-55542153 |
|
Loading...
|
|
|