Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Жетекчиси хан сарайлардын ээси. 4 ай маяна албаган жолчулар митингге чыкты. ВидеоТөрт-беш айдан бери маяна ала албай жүргөн жолчулар Транспорт жана жолдор министрлигинин алдына митингге чыгышты. Алар суроо-талабын жетекчиликке жеткирүү үчүн ар кайсы облустан чогулуп келишкен. 26.01.2021 : sputnik.kg источник: https://sputnik.kg/video/20210126/1051230423/mayana-ala-albagan-zholchular-mitingge-chykty.html |
Loading...
|
Жарыялар |