Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR102.60103.60
RUB1.0101.080
KZT0.11000.2000

обновление 18.09.2025 13:00:11

Кытайдын “супер аскери” тууралуу мифтер жана реалдуулук

Кытай робот сымал аскерлерди чыгарууга бел байлап жатат деген дооматтар айтылууда. Колдогу технология менен “супер аскер” чыгарууга мүмкүнбү?


08.02.2021 : www.bbc.com

источник: http://www.bbc.com/kyrgyz/magazine-55916929

 
Loading...

Жарыялар