Бактылуулуктун сыры
Бактылуулуктун сыры
Кичинекей бала үйүндөгү мындай нерсени байкаптыр. Атасын деле апасы башкарат, байкесин караса, байкесин де жеңеси башкарат, туугандарын караса бүт баары эле аялдар башкарат экен. Жалгыз кана чоң атасы чоң энесин башкарат экен.
Бир күнү кичинекей бала келип чоң атасынан сурайт:
- Чоң энем кандай болуп сиздин айткандарыңыздан чыкпай калган?
Чоң атасы болгон окуяны айтып берет экен.
Мен чоң энең менен үйлөнгөндө, айылына барып жүктөрүн ат арабага жүктөп келе жатканда ат мүдүрүлүп кетти.
- Бул бир! деп коюп жолубузга уланттык.
Бара жатканда ат дагы мүдүрүлүп кетти.
- Бул эки! деп жолубузга уланттык
Үчүнчү жолу мүдүрүлүп кетти эле, арабадан түшө калып атты муздап койдум дейт. Ошол кезде чоң энең кыйкырып жиндене баштады
- Бул эмне кылганың, жүктөрдү кантип алып кетебиз, деп
Ошондо
-Бул бир деп айткам, ошондон бери бактылуу жашап келе жатабыз,
Чоң энең бул эки деп айттырбай калган дейт экен
Арадан жылдар өтүп, жанагы кичинекей бала үйлөнөт экен,
Келинчеги кир жууп жаатканда алдынан бир мышык өтө берет экен.
Үйлөнгөн жигит бул бир дейт экен. Мышык дагы өтөт экен, жигит бул эки дейт экен. Мышык үчүнчү жолу өткөндө, бул үч деп туруп мышыкты кармап алып жерге бир чаап өлтүрүп коюп келинчегине карайт экен.
анда келинчеги:
- Мага бул приемун өтпөйт, бул окуяны мен да билем, дейт экен
Кийинки анекдот/апендини оку
Сенат: Трамптын адвокаттары импичмент боюнча сот жүрүмүн мыйзамсыз деп санашатАКШнын Сенаты 9-февралда мурдагы президент Доналд Трампка карата быйыл 6-январда анын тарапташтары Капитолийди убактылуу басып алган окуяга байланыштуу “козголоң уюштурган” деген доо боюнча экинчи импичмент боюнча сот ишин баштады. Сот жараяны шейшембиде эртең менен эки тараптуу макулдашуу боюнча процессуалдык добуш берүү менен ачылып, анда оболу импичмент соттун жүрүшүнүн эрежелери аныкталып, жактырылды. Андан кийин Сенат “экс-президенттин сот жообуна тартылышы конституцияга туура... 10.02.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/azattyk_kabar/31094576.html |
|
Loading...
|
|
|