Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR101.80102.80
RUB1.1451.175
KZT0.18000.2000

обновление 27.04.2026 14:35:50

УКМК расмий сайтын бузууга аракет кылган адамды аныктаганын билдирди

47 жаштагы жаран Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) сайтын бузууга аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, шектүүнүн техникалык аппараттарында ал мыйзамсыз ишке катыштыгы бар экени аныкталган. Бул факт Жазык кодексинин 304-беренеси («Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жетүү») жана 305-беренеси («Зыян келтирүүчү компьютердик программаларды түзүү») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын...


17.02.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31107929.html

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк