Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Отунбаеванын фонду кытай эл жомокторунун сериясын басып чыгарды“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду кытай элинин белгилүү жомокторун чогултуп, кыргызстандык бөбөктөр үчүн кыргыз жана орус тилдеринде чакан он китеп кылып басып чыгарды. Фонддун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева 26-февралда “Азаттыкка” билдиргендей, “Кытай эл жомоктору” деген китептер сериясынын каармандары аркылуу жаш окурмандар кытай элинин тарыхы, философиясы, жомок-тамсилдери менен тааныша алышат: “Буга чейин биз дүйнөлүк саясий лидерлердин китебин кыргызча которуп,... 26.02.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31122722.html |
|
Loading...
|
|
|